Кароо-сынакты өткөрүү боюнча Кочкор райондук кошмо жыйыны, Бишкек шаарындагы «Кыргыз бийи» мектеби жана ошондой эле, Кочкор райондук жаштары демилге көтөрүшүп, кароо-сынак биринчи жолу райондук деңгээлде өткөрүлдү.
«Кыргыз бийин даңктайлы» каро-сынагынын негизги максаты өсүп келе жаткан муунга кыргыз маданиятын, каада салтын, үрп адатын мурас катары жеткирүү болуп эсептелет. Ошол максатта бүгүн райондо мектеп окуучулары арасында өткөрүүдөбүз. Келечекте бул салтты жыл сайын өткөрүп, кийин облустук жана республикалык деңгээлге жеткирүүгө аракеттер жумшалат»,- дейт Кочкор райондук кошмо жыйынын төрагасы Таалайбек Курткаев.
Комментарии