КЫРГЫЗСТАН РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ
27-мартта Кыргызстан жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» аттуу биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин өз сөзүндө: «Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө», – деп баса белгиледи.
Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 30тан ашуун ректорлор катышууда.
Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен ректорлор союзунун кызматташуусу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу жана кызматташуу тууралуу 70тен ашуун эки тараптуу макулдашууларга кол коюлаары күтүлүүдө.
Комментарии